пятница, 1 февраля 2013 г.

ашказан оорусун дарылоо

БАЙТИКТИН БАС-БӨЛТӨГҮ - Кыргыз Ала-Тоосунан Байтик өрөөнү аркылуу бөлүнүп турган дөңсөөлүү адыр. Фрунзе ш-нан 6 км түш. тарапта. Уз. 10 км, туурасы 4-6 км, өрт. бийикт. 1200-1400 м. Негизинен неогендин кум-чополуу ж-а плейсто-цендин шиленди тоо тектеринен турат. Дөңсөө чыг. тарабынан Ала-Арча өрөөнү м-н чектешет. Ортоңку бөлүгү бийиктеп, бат. ж-а түн. тарабы тепкич-тепкич болуп басаңдайт. Дөң-сөөнүн үстү жайык, кыртыштуу, түн-дүгүнөн майда тектон. жарака өтөт. Негизинен кургак талаа ландшафты басымдуулук кылат. Түн. капталында тулаңдуу чөп, түштүгүндө бетеге, шыбак, коктуларында сейрек майда бадалдар өсөт. Бат. этектеринде жемиш багы, түн. -чыг. капталдарында бак-дарак өстүрүлөт.

БАЙТИК ӨРӨӨНҮ Кыргыз Ала-Тоо-су м-н Байтиктин Бас-Бөлтөгүнүн ортосунан орун алган. Аянты 170-180 км2. Уз. 20 км, туурасы 8-12 км. Орт. бийикт. 1100-1300 м. Жеринин бети түз, батышты карай өрөөн бир аз бийиктеп адырларга өтөт. Өрөөн негизинен шиленди тоо тектеринен турат, чет жакаларында неогендик кум-чополуу тоо тектер чыгып жатат. Климаты мелүүн континенттик; ян-вардын орт. темп-расы - 5`С, -10`С, июндуку 10-18`С Жылдык жаан-чачыны 350-550 мм. Өрөөндөн Ала-Арча суусу агат. Жер астындагы суулары Фрунзе гд-ын камсыз кылат. Жери боз, күрөң топурактуу. Маданий (буудай, картошка, мөмө-жемиш бактары) ж-а талаа өсүмдүктөрү өсөт. Б. ө-ндө Воронцовка, Стрельникова атн., Орто-Алыш, Кашка-Суу, Арчалы кыштактары жайгашкан. Воронцовка кыштагында эс алуу үйү ж-а балдарды учук оруудан дарылоочу санаторий бар. Өрөөн м-н Фрунзе ш-нан Ала-Арча туристтик базасына баруучу автомоб. жолу өтөт.

БАЙТЕШЕ - жыгач уста шайманы. Чот түспөлдүү, жазы миздүү келип, жыгач сап ашталат. Б. жыгач устачылык ишинде жумуру, жоон жыгач-тардын бетин түздөп чабууда кеңири колдонулат.

Ад. : Самаганов Ж., "Жаш жүрөктөр" жөнүндө баян, китепте: Советтик кыргыз адабияты, Фр., 1958; Маленов Б., "Жылдызкан" романынын ийгиликтери жана кемчиликтери, "Ала-Тоо", 1961, JM" 6; Иманалиев К., Образ түзүүдө Н. Байтемировдун кээ бир өзгөчөлүгү, "Ала-Тоо", 1963, MSI; Ac ан а ли ев К., Кыргыз романы, көркөмдүк критерийлер, "Ала-Тоо", 1973, Ms 3; Д ар он ян С, В разных жанрах, "Литературная газета", 1958, 16 окт.

Чыг. : Жомоктор, Фр., 1939; Салтанат, Фр., 1949; Жаш жүрөктөр, Фр., 1953; Жылдызкан, Фр., 1959; Тарых эстелиги, Фр., 1966; Долон, Фр., 1964; Стихи, М., 1957; Последний патрон, Фр., 1962; Бунтарка и колдун, М., 1971,

БАЙТЕМИРОВ Насирдин (1916-ж. т., Чүй р-ну, Кегети кыш. ) -кыргыз совет жазуучусу, акын, драматург, Кыргыз ССР иск-восуна эмг. сиң. ишмери (1974). 1945-жылдан КПССтин мүчөсү. Фрунзедеги зооветеринария (азыркы а. ч. ) ин-тунда окуган. Москвада М. Горький атн. адабият ин-туц бүтүргөн (1955). Б. мугалим, "Кызыл Кыргызстан" газетасынын өз кабарчысы, Кырг-н ЖСтин адабий консультанты болуп иштеген. 1967-жылдан бери "Кыргызстан маданияты" жумалыгынын атайын кабарчысы. Б. чыг-лык ишин 1934-ж. ыр жазуудан баштаган. Балдарга арналган "Жомоктор" (1939) деген китеби чыккан. "Азамат" (1948) повести, "Салтанат" (1949) романы, "Жаш жүрөктөр" (1953), "Жаш муундар" (1951) повести, "Бекем достук" (1952) аңгемелер жыйнагы жарыяланган. Ал - Кырг-ндагы социализмдин орношу, тап душмандарына каршы күрөш, колхоз курулушунун татаал процессин ж-а салтанат курулушун сүрөттөгөн "Акыркы ок" (1958), "Жылдызкан" (1959), "Тарых эстелиги" (1966) өңдүү окурмандарга кеңири белгилүү романдардын автору. Б. акыркы жылдары "Сонун-дар дүйнөсү" (1967), "Санта" (1971), "Турмуш элеги" (1972) романдарын жаратты. Б-дун бир катар поэтикалык ыр жыйнактары ("Жүрөк күүсү", 1955; "Сүйгөнүм", 1957; "Долон", 1964; "Эриген таш", 1970 ж. б. ) м-н "Күйөө", "Айып кимде", "Адамдын аты" деген пьесалары бар. "Жаш жүрөктөр", "Эненин жүрөгү" операла-рынын, "Аста секин колукту" муз. комедиясынын либреттолорун ж-а бир нече очерк, адабий сын макалалар жазган, СССР элдеринин айрым акындарынын поэтикалык чыг-ларын кыргыз тилине которгон. Анын бир катар чыг-лары орусчага которулган ("В одном совхозе", М., 1951; "Стихи", М., 1957; "Последний патрон", Фр., 1958; "Серебрянная волна", Фр., 1958; "Сам виноват", Фр., 1958; "Жылдызкан", Фр., 1958; "Бунтарка и колдун", М., 1971). Б. Эмгек Кызыл Туу, "Ардак Белгиси" ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.

Издание книг за счет автора: очень дешево!

Кыргызская Советская Энциклопедия: БАЙТЕМИРОВ Насирдин

Комментариев нет:

Отправить комментарий